Жаңылыктар жана окуялар

03.12.2023

Адам университетинин морфологиялык дисциплиналар жана коомдук саламаттык сактоо кафедрасы 9- семестрдин студенттери үчүн конок лекциясын уюштурду

Морфологиялык дисциплиналар  жана коомдук саламаттык сактоо кафедрасы 9- семестрдин студенттери үчүн конок лекциясын уюштурду.

Лекцияны Пакистандын Лахор шаарындагы Эдуард королунун Медициналык университетинин коомдук медицина  областынын профессор – ассиситенти доктор Насир Хамдани өткөрдү.

Өзара кызматташуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында “Эпидемиология” дисциплинасы боюнча «Epidemiological Methods” темасында лекция окулду. 

“Дарылоо иши “ багытынын 150 дөн ашык студенттери катышып, лекцияны  кызыгуу менен угушту.