Жаңылыктар жана окуялар

23.09.2023

Мамлекеттик тил күнү кут болсун!

Азыркы кыргыз тили 1923-жылы араб алфавити киргизилгенге чейин жазуу формасына ээ болгон эмес. 1928-жылы жазуучу жана окумуштуу К.Тыныстанов тарабынан түзүлгөн латын алфавитине, 1940-жылы кириллицага өтүү болгон. 1989-жылдын 23-сентябрында союздук республикаларда улуттук тилдерге болгон кызыгуудан улам Кыргыз ССР Жогорку Совети бир добуштан «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамды кабыл алып, ага мамлекеттик тил статусу ыйгарылган