Жаңылыктар жана окуялар

02.02.2024

Кымбаттуу студенттер!

Биз сонун жаңылыктарыбыз менен бөлүшүүгө кубанычтабыз! Мүмкүнчүлүктү колдон  чыгарбаңыз! Сизде Латвияда билим алууга эң сонун мүмкүнчүлүк бар.
 Латвия чет өлкөлүк студенттерге, изилдөөчүлөргө жана окутуучуларга 2024-2025-окуу жылында жайкы мектептерде жана жогорку жайларында билим алуу жана катышуу үчүн
стипендияларды сунуш кылууда. Стипендия жол кире, виза жана камсыздандыруу чыгымдарын камтыбайт.
 Катышуу үчүн зарыл талаптар:
1. Арыз
2. CV;
3. Паспорттун көчүрмөсү;
4. Англис тили деңгээлин тастыктаган сертификат(бар болсо);
5. Мотивация каты;
6. Окуган жеринен справка.
Бардык документтер англис тилинде болушу жана тышкы байланыштар бөлүмүнө кагаз түрүндө берилиши керек.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү1-апрель, 2024.
Кошумча маалыматты биздин телеграм каналыбыздан ала аласыз.