Жаңылыктар жана окуялар

24.04.2024

“Кан – ден соолуктун күзгүзү”

Адам университетинин  Жогорку медицина мектебинин морфологиялык дисциплиналар департаменти  жана   коомдук саламаттыкты сактоо илимдери кафедрасы 2024-жылдын 18-апрелинде 2-3-семестрдин студенттери арасында нормалдуу физиология боюнча “Кан – ден соолуктун күзгүсү” аттуу сынак өткөрдү.
Максаты:
  - студенттердин нормалдуу физиология жаатындагы билим деңгээлин жогорулатуу;
  - лабораториялык иштердин практикалык бөлүгүндө студенттердин көндүмдөрүн         
    өнүктүрүү;
  -дисциплина боюнча  студенттердин алган билимдерин жана көндүмдөрүн      пайдалануу;
Конкурска 4 студенттен түзүлгөн 3 команда (Антибиотики, Гемостазы, Blood cells) катышты.
Катышуучуларга кандын клиникалык жана лабораториялык анализдери (жалпы кан анализи, кандын жалпы саны, кандын физикалык жана химиялык касиеттери), ошондой эле физиология боюнча ситуациялык тапшырмалар берилди.
Биринчи этап Kahoot билим берүү программасын колдонуу менен ыкчам сурамжылоо түрүндөгү викторинадан турган.
Экинчи этапта катышуучулар лабораториялык иштерди аткарууда өз өнөрлөрүн көрсөтүштү, үчүнчү этапта кырдаалдык иштерди чечүү болду.
Мелдештин жыйынтыгында командалар грамоталар жана 1,2,3-даражадагы  дипломдор менен сыйланышты!
 1- орун «Антибиотики»
 2- орун «Гемостазы» 
 3- орун «Blood cells»

Олимпиаданын уюштуруучулары жана катышуучулары  конкурстун ишине ыраазы болушту. Келечекте медицина илимдери департаменти жана коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасы мындай иш-чараларды жергиликтүү студенттер менен катар чет элдик студенттердин арасында да үзгүлтүксүз өткөрүп турууну пландоодо.