Жаңылыктар жана окуялар

01.04.2024

Адам Университетинин илимий иштер боюнча проректору Батырканова Г.Ж “Он эки жылдык билим берүү: дүйнөлүк тенденциялар жана илимий негиздеме” темада өткөн тегерек столдун ишине катышты.

Адам Университетинин илимий иштер боюнча проректору Батырканова Г.Ж 2024- жылдын  29 -мартында «Ала-Тоо» Эл аралык университетинде өткөн “Он эки жылдык билим берүү: дүйнөлүк тенденциялар жана илимий негиздеме” темадагы  тегерек столдун   ишине катышты.
 Иш-чарага КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин жаш окумуштуулары, Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, Кыргызстандын жогорку
окуу жайларынын илимий иштер боюнча проректорлору, ошондой коомдук ишмерлер катышышты.
Тегерек столдун катышуучулары Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана илимий негизделген чечимдерди кабыл алууга көмөктөшүү боюнча пикир, тажрыйба жана идеялар менен алмашышты.