Жаңылыктар жана окуялар

11.06.2020 | Мероприятие

Адам университетинин эл аралык мамилелер бѳлүмүнүн жетекчиси Азима Чоюбекова менен түз эфир.

19-майда Адам университетинин Инстаграмдагы расмий баракчасында университеттин Эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси Азима Чоюбекова менен түз эфир өткөрдү.

Азима Адам университетинин студенттери менен долбоорлор, эл аралык программалар
боюнча иштейт жана студенттерибизди чет өлкөгө окууга жөнөтүүгѳ кѳмѳктѳшѳт.
Азима өзү да чет өлкөлөрдө окуу боюнча бир топ тажрыйбага ээ.

● Ал Кытайдагы Үрүмчү шаарында стажировкадан өткөн;
● Алмашуу программасына катышып, Франциядагы Бельфор шаарындагы Бельфор-
Монбельар технологиялык университетинде окуган;
● Малайзия, Куала-Лумпурда тренингге катышкан;
● Түндүк Кипрдеги Кырсык кырдаалда операцияларды эл аралык башкаруу боюнча
симпозиумга катышып келген.

Категориясы: Мероприятие