Жаңылыктар жана окуялар

24.05.2021

Адам университети институционалдык жана программалык эл аралык аккредитациядан өтүп жатат.

2021-жылдын 26-майдан тартып 28-майга чейин Адам Университети Көз карандысыз Аккредитация жана Рейтинг Агенттиги (IAAR) жана Көз карандысыз Аккредитация агенттиги “Билим-Стандарт” тарабынан  институционалдык жана программалык эл аралык  аккредитациядан өтүп жатат.

 

Аккредитация (институционалдык жана адистештирилген)- аккредитациялоо боюнча органдар, өкмөттүк эмес уюмдар,  кесиптик ассоциациялар жогорку окуу жайлардын жана алардын билим берүү программаларынын билим берүүнүн сапатынын белгиленген критерийлерине дал келишин расмий түрдө тааныган процесс.

Университеттин ишмердүүлүгүн баалоо институционалдык өзүн-өзү баалоо жана билим берүү программаларынын өзүн-өзү баалоосу жөнүндө отчетторду карап чыгуу: тышкы эксперттик комиссиянын (ВЭК) жогорку окуу жайына келиши жана аккредитациялоо орган менен Аккредитациялоо кеңештин эксперттер тобу тарабынан акыркы отчетту кылдат карап чыгуусу аркылуу  жүзөгө ашырылат.

ТЭКтин курамына ата мекендик жана чет элдик академиялык эксперттер, жумуш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү жана студенттер кирет.

Аккредитациядан өтүү Адам университетиндеги билим берүү кызматтарынын сапатын тастыктоого, жаңы деңгээлге чыгууга, эл аралык университеттер жана институттар менен өнөктөштүк мамилелерди орнототууга мүмкүнчүлүк түзөт.