Жаңылыктар жана окуялар

12.12.2023

Урматтуу 4-курстун студенттери!

Венгриядагы жогорку окуу жайларында магистратурада окууну улантуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк ачылып жатат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык, Stipendium Hungaricum программасынын алкагында кызматташуу жөнүндө 2022-2024- жылдарга программасы, 2024-2025-окуу жылы үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында окутуу үчүн сынактык тандоо башталганын жарыялайт.

Жыл сайын Венгриянын өкмөттүк Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын алкагында аталганөлкөнүн ЖОЖдорунда венгр же англис тилдеринде билим алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына гранттар (бакалавр, бир деңгээлдеги магистратура, магистратура жана докторантура программалары) берилет. Эскертүү: Гранттар Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum стипендиялык программасы аркылуу берилет, Венгриянын Tempus Foundation (TPF) тарабынан башкарылат. Толук маалыматты биздин telegram каналыбыздагы шилтеме аркылуу алыңыз