Жаңылыктар жана окуялар

22.02.2024

Эл аралык жогорку медицина мектебинде 2024-жылдын20-21-февралында Кыргызстандагы Улуттук Эразмус+ кеңсеси тарабынан уюштурулган долбоордук арыздарды даярдоо жана эффективдүү жазуу боюнча эки күндүк тренинг болуп өттү.

Конок катары долбоорлорду жазуу боюнча  эксперт Адамкулова Чынара Усенбековна катышты. Адам университетинен тренингге окутуучу, лабораториялык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Домашов И.А. жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Эгембердиев А.У. катышышты.
Бул тренинг интерактивдүү жана практикалык болду, , ал топтук иштерди, талкууларды
жана долбоорлорду жазууну үйрөнүүнү камтыйт. Тренингдин максаты: катышуучуларды Эразмус+ программасы боюнча долбоордук сунуштарды эффективдүү жазууга даярдоо
болуп саналат
Тренингдин жыйынтыгында окууну ийгиликтүү аяктагандыгын жана алган билимдерин практикада колдонууну тастыктаган сертификаттар тапшырылды.