Жаңылыктар жана окуялар

14.12.2023

«Ч.Айтматов – ааламдын залкар жазуучусу»

2023-жылдын 12-декабрында Адам университетинде заманыбыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдык маарекесине арналган «Ч.Айтматов –ааламдын залкар жазуучусу» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп  өттү.          

Кеченин негизги максаты- жазуучунун чыгармалары аркылуу жаштарды мекенчилдикке, адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбиялоо. Алардын көркөм - эстетикалык маданиятын калыптандыруу, руханий дүйнөсүн байытуу.          

Салтанаттык иш-чараны университеттин илимий иштери боюнча проректору Батырканова Г.Дж. ачып, Ч.Айтматов залкар, кеменгер жазуучу, дүйнөлүк маанидеги тарыхый инсан экендигин белгилеп өттү.

Салтанаттын жүрүшүндө студенттер  Ч.Айтматовдун өмүр баяны жана чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу презентацияларды кыргыз, орус, англис тилдеринде баяндап беришти. 1-2-курстун студентери «Биринчи мугалим», «Делбирим», «Жамиля», «Эрте келген турналар» повесттеринен, «Кылым карытар бир күн» романынан инсценировкаларды чебер аткарышып, Ч.Айтматовго арналган ырлардан көркөм окушту.