Жаңылыктар жана окуялар

20.04.2026

АДАМ Университетинин студенттеринин көңүлүнө!

Erasmus+ программасынын алкагында 2026–2027-окуу жылынын күзкү семестринде Италиянын University "G. d'Annunzio" of Chieti-Pescara университетинде билим алууга сынак жарыяланат.
Сынакка бакалавриат жана магистратуранын студенттери катыша алышат. Программа бир семестр ичинде тийиштүү окуу дисциплиналарын тандоо мүмкүнчүлүгү менен билим алууну камсыз кылат.
•    Ички тандоонун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 16-майына чейин.
•    Толук маалымат алуу үчүн: Тышкы байланыштар бөлүмү, 319-кабинет.
Бул чет өлкөдө билим алуу, академиялык жана тилдик көндүмдөрдү өнүктүрүү, ошондой эле кесиптик келечекти кеңейтүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк!