Жаңылыктар жана окуялар

01.04.2024

Адам университетинин 2-3-курстарынын студенттеринин жана магистранттарынын көңүлүнө!

Бизде сиз үчүн сонун жаңылык бар! Эгер сиз 2024-жылдын октябрынан 2025-жылдын февралына чейин Грецияда бир семестр өткөрүүнү кыялдансаңыз, сизде ERASMUS+ KA1
стипендиялык программасына тапшыруу үчүн Европанын эң мыкты университеттеринин
биринде –Салоникидеги  Аристотель университетинде (Греция) окууга уникалдуу мүмкүнчүлүк бар.
 Бул программа учуу, окутуу чыгымдарын толугу менен жабат жана ай сайын стипендия
менен камсыз кылат
  Конкурстук тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
 Эл аралык паспорттун көчүрмөсү;
Англис тилинде (CV) Резюме; 
Англис тилин билүү сертификаты ( деңгээл В2дентөмөн эмес)
Мотивациялык кат;
Баалар жазылган транскрипт (окуу картасы жана окуу планы, окуу бөлүмүндө  берилет,2-кабат, 205- кабинет);
Англис тилиндеги 2 сунуш кат ( 1 программанын жетекчисинен жана 1  программанын окутуучусунан);
Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү –2024-жылдын 20-апрели.
Кошумча маалымат жана алдын ала катталуу тышкы байланыштар бөлүмүндө, 3-кабат,

319-кабинет Телефон: 0312530541.
Шашылыңыз жана мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!