08.04.2026
Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи - Кыргыз Республикасынын маданий мурастарынын баалуу объектиси
2026-жылдын 8-апрель күнү «Дарылоо иши» адистигинин ЛД-5-26 жана «Бизнести башкаруу » багытынын УБ-3-25 группаларынын студенттери Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде болушту.
Иш-чаранын максаты: Мекенибиздин тарыхын билүү, студенттерди белгилүү сүрөтчүлөрдүн чыгармалары менен жана искусствонун кызыктуу дүйнөсү менен тааныштыруу.
УБ-3-25 жана ЛД-5-26 группаларынын студенттери музейдин көргөзмөлөрү менен таанышышты. Музейде сүрөтчүлөрдүн чыгармаларынан алган эмоциялар студенттердин эсинде терең из калтырып, аларга дүйнөлүк жана тарыхый шедеврлердин призмасы аркылуу катардагы нерселерди кароого мүмкүндүк берди.
Өткөрүлгөн мындай форматтагы иш-чара келечектеги дарыгерлерге, экономисттерге тармагындагы билимдерин тереңдетип гана тим болбостон, дүйнөгө кеңири көз карашты калыптандыруу менен тарыхый жана маданий аспектилерди жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
Музейге баруунун алдында студенттер маданият мекемелериндеги жүрүм-турум эрежелери менен таанышышты.
Шаарыбыздын театрларына, музейлерине баруу иш -чаралары МТЖББ программасынын окуу-тарбия иштеринин комплекстүү планы боюнча жүргүзүлөт.
МТЖББ программасы