Жаңылыктар жана окуялар

13.02.2024

2024-жылдын 10-февралында Адам университети Hyatt мейманканасында бүтүрүү аземин өткөрдү

Бул майрам бүтүрүүчүлөрдүн эсинде түбөлүккө калуу үчүн расмий бүтүрүү аземинде дипломдор тапшырылды. Студенттик жашоого активдүү катышкандыгы үчүн артыкчылык сертификаттары Адам университетинин ректору жана президенти тарабынан тапшырылды.
Иш-чара Индиядан жана Пакистандан келген студенттердин салтанаттуу ыр-бийлер менен коштолуп, Адам университетинин жетекчилигинин жана окутуучуларынын куттуктоо сөздөрү да сүйүктүү бүтүрүүчүлөрүбүздүнэсинде калат.
Өткөргөн студенттик жылдарыбыз укмуштуудай ачылыштар дүйнөсүнө кызыктуу саякаттарга толгон күндөргө бай болду.
Бүгүн биз сыймыктануу, үмүт жана жакшы тилектер менен бүтүрүүчүлөрүбүздү узатып жатабыз .Сиздер ге чоң ийгиликтерди, мыкты дарыгер болууңуздарды каалайбыз!
Өз ишиңизди, тандаган кесибиңизди ар дайым сүйүңуз!