Жаңылыктар жана окуялар

14.05.2026

2026-жылдын 13-майында Болгариянын София шаарындагы International Business School (IBS) окуу жайында туруктуу өнүгүү, санариптик трансформациялар жана жогорку билим берүүдөгү заманбап ыкмаларга арналган тегерек стол болуп өттү

2026-жылдын 13-майында Болгариянын София шаарындагы International Business School (IBS) окуу жайында туруктуу өнүгүү, санариптик трансформациялар жана жогорку билим берүүдөгү заманбап ыкмаларга арналган тегерек стол болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында Адам университетинин 2030-жылга чеийн Өнүгүү стратегиясы сунушталып, ошондой эле туруктуу өнүгүү принциптерин стратегиялык пландоо системасына киргизүү боюнча университеттин ыкмалары тааныштырылды. Баяндаманын жүрүшүндө университеттин социалдык туруктуулугунун негизги багыттарынын бири катары студенттерди социалдык долбоорлорго тартуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Тегерек столдун катышуучулары туруктуу практикаларды жайылтууда, билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүдө, ошондой эле стратегиялык демилгелерди ишке ашырууда эл аралык академиялык кызматташтыктын маанисин талкуулашты.

Тегерек столдун ишине өнөктөш университеттердин өкүлдөрү, окутуучулар, ошондой эле International Business School'дун PhD программасында окуган ар кыл өлкөлөрдүн докторанттары катышты. Алардын катарында Болгария, Азербайжан, Армения, Марокко, жана Италия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү болду.

Адам университетинин бул иш-чарага катышуусу өз тажрыйбасын тааныштыруу, кесиптик ыкмалар менен алмашуу жана эл аралык академиялык кызматташтыкты бекемдөө үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болду.