Жаңылыктар жана окуялар

23.09.2020

Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан

2020-жылы 22-сентябрда Адам университетинде Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик тил  жөнүндө» мыйзамынын кабыл алгандыгынын 31 жылдыгына карата онлайн форматынла майрамдык салтанат болуп өттү. Майрамдык салтанатка окуу жайдын окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Салтанаттуу кечени университеттин окуу иштери боюнча проректору

Жамангулов А.А. ачып берип, келечек муунду өз эне тилин сактоого, өнүктүрүүгө, баалоого, урматтоого чакырып кетти. КР Мамлекеттик Гимни ырдалгандан кийин, Э.Ибраевдин «Улут болсом – тилим менен улутмун»  аттуу эне тилге арналган ырын 2-курстун студенттери көркөм окуп беришти. Э-19 тайпасынын студенттери Кыргыз тил илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон окумуштуу-илимпоздор: И.Арабаев, К.Тыныстанов, К.Карасаев, К.Юдахин жөнүндө мазмундуу баяндамаларды жасап, презентация, слайддар көрсөтүлдү 1-курстун студенттери кыргыз элинин залкар  акындарынын ырларынан эне тил тууралуу көркөм ыр окуп беришти.  

Тилибизди таза, ыйык, бийик тутуп, ата-салтыбызды сактайлы! 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү кут болсун! Майрамыныздар менен!

                                              

                                                           ГФДДнын жетекчиси Абдыкадырова М.Б.

Видео: https://youtu.be/bOqVIRrl4jo