Жаңылыктар жана окуялар

07.12.2023

“Бизнести башкаруу” багытынын 2-курсунун студенти Нусубалиев Бексултан жаш лидерлер үчүн “Келечек” окуу программасына катышты.

Программанын миссиясы жигердүү жана таланттуу жаштарга кошумча пайдалуу билимдерди, лидерлик сапаттарды жана баалуу маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн берүү, алардын көз карашын кеңейтүү, жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, ошондой эле руханий жана адеп-ахлактык жактан өнүгүүгө умтулуу болуп саналат.

  Программа Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 100 дөн ашык катышуучуларды кабыл алды. Беш күндүк окуу  жана сертификатаврды тапшыруу КР Президентине караштуу башкаруу академиясынын базасында өттү.

 Тренингдин жүрүшүндө  ийгиликтүү бизнесмендер, маданият ишмерлери жана саясатчылар сөз сүйлөп, программаные катышуучулары менен тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүшуштү. Мындан тышкары, программада ар кандай тренингдер, мастер-класстар жана актуалдуу темалар боюнча тегерек столдор камтылган, алар катышуучулардын лидерлик  сапаттарын жана көндүмдөрүн  өнуктүрүүгө жардам берет.

“Келечек” программасы биздин баарлашуу чөйрөбүздү кеңейтүү, тажрыйба жана алмашуу жана жаңы билимдерди алуу үчүн баалуу тажрыйба жана эң сонун мүмкүнчүлүк болуп калды.