Жаңылыктар жана окуялар

11.06.2020 | Мероприятие

Адам университетинде «Онлайн бизнес жана тармактар арасында ишенимдүү керектөө тутумундагы өнөктөштүк» аттуу онлайн талкуу болуп ѳттү.

27-апрелде Адам университети «Онлайн бизнес жана тармактар арасында ишенимдүү керектөө тутумундагы өнөктөштүк» темада Г.В. Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин филиалы болгон Перм Институту менен биргеликте онлайн талкуу ѳткѳрдү.

Дүйнөдөгү экономикалык кырдаалга жана иштин бардык тармактары онлайн режимине
өткѳндүгүнѳ байланыштуу, онлайн бизнес темасы азыркы учурда эң актуалдуу болуп
саналат. Г.В. Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин филиалы Перм
институтунун менеджмент жана укук кафедрасынын доценти М.Ю.Вышенский, бизнес жана
онлайн режимине өтүү темасында доклад жасап, азыркы кырдаалда анын актуалдуулугу
жана ишенимдүү керектөө тутумундагы тармактык өнөктөштүк жѳнүндѳ баяндап кетти.
Университеттин атынан илимий иштер боюнча Адам университетинин проректору,
экономика илимдеринин кандидаты, доцент Батырканова Гүлнара Дженбековна «Кыргыз
банк секторундагы онлайн режиминдеги бизнес процесстер» темасында сөз сүйлөдү.
Ошондой эле, Адам университетинин менеджмент и туризм программасынын жетекчиси
Акылбекова Нелли Ильинична «Кыргыз Республикасынын банк секторунда онлайн бизнести
өнүктүрүүнүн платформасы катары санариптештирүү» темасы менен сѳз жарышка чыкты.
Бул талкуу эки окуу жайдын биргелешкен ишинин жана кызматташуунун мыкты ѳрнѳгү
болуп эсептелинет. Бул иш-чаранын студенттери жана башка катышуучулары үчүн аталган
талкуу Пермь институту менен биргеликте ишке ашкан илимий ойдун жана кесиптик иштин
үлгүсү болду. Дүйнөдөгү экономикалык кырдаалга жана бардык тармактардын онлайн
мейкиндигине ѳтүшү бул тема учурда ѳтѳ актуалдуу.

Категориясы: Мероприятие