Жаңылыктар жана окуялар

10.06.2020 | Мероприятие

"Пандемиядан кийинки экономика: көйгөйлөр жана калыбына келтирүү жолдору" темасында онлайн вебинар

19-майда Адам университетинде Грузия, Болгария, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин эксперттери катышкан онлайн-вебинар уюштурулуп, ѳлкѳнүн экономикасынын алкагында пандемиядан кийин көйгөйлөр жана калыбына келтирүү жолдорун талкуулашты.

Адам университети тарабынан уюштурулган "Пандемиядан кийинки экономика: көйгөйлөр
жана калыбына келтирүү жолдору" аттуу онлайн конференциясында аталган
университетинин илимий иштер боюнча проректору э.и.к., доцент Батырканова Гульнара
Джээнбековна COVID-19 пандемиясынын экономикага тийгизген таасири жөнүндө
докладын сунуштады.

Онлайн конференцияга Болгария, Россия, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан
сыяктуу өлкөлөрдүн илим, билим берүү жана туризм тармактарынын ѳкүлдѳрү катышышты.
Биргелешкен иштин жүрүшүндө кеңири маселелер, көйгөйлөр талкууланды жана
пандемиянын запкысынан жапа чеккен өлкөлөрдүн экономикаларын өнүктүрүүнүн келечеги,
ошондой эле, COVID-19 пандемиясынын туризм, чакан жана орто бизнеске, жалпысынан
Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири талкууланды.
Конференция өз ишмердүүлүгүнүн натыйжасында каралган сунуштар, бул боюнча алынган
тажрыйба жана маалымат бардык катышуучулары үчүн пайдалуу болот деген үмүттөбүз.

Категориясы: Мероприятие