Жаңылыктар жана окуялар

10.06.2020 | Мероприятие

Адилбек уулу Шумкарбек менен онлайн жолугушуу

28-майда Адам университети Кыргыз Республикасынын инвестицияларын коргоо жана колдоо агенттигинин директору менен онлайн жолугушуу өткөрдү.

Шумкарбек - Бишкек финансы жана экономика академиясынын бүтүрүүчүсү. Ал биздин
окуу жайды Финансы жана Кредит адистиги боюнча 2006 жылы аяктады.
Шумкарбек өзүнүн карьерасын кенже финансылык кеңешчи менен баштаган.
Азыр ал Кыргыз Республикасынын инвестицияларын илгерилетүү жана коргоо
агенттигинин директору болуп эмгектенет. Ошондой эле ал банк иши жана айыл чарбасы
боюнча бир топ тажрыйбага ээ.
Шумкарбектин студенттик жылдары, анын кесиптик жолун кантип баштагандыгы жөнүндө
сүйлөштүк. Ошондой эле ал Кыргыз Республикасындагы инвестициялар, агенттиктин иши
жана башка нерселер жөнүндө айтып берди. Шумкарбектин дүйнө таанымына таасир берген
китептердин тизмеси менен бөлүштү. Студенттер ушунчалык кызыктуу суроолорду беришти
жана аларага кызыктуу жоопторду алышты. Шумкарбек ѳзү негиздѳѳчүсү болгон Кыргыз
Республикасынын инвестицияларын илгерилетүү жана коргоо агенттигинин расмий
сайтынын шилтемеси https://invest.gov.kg/ru/. менен да бѳлүшүп кетти.

Категориясы: Мероприятие