Жаңылыктар жана окуялар

11.06.2020 | Мероприятие

Айдарбек Стамов менен түз эфир

Адам университетинин Карьера Борбору Инстаграмдагы өзүнүн расмий баракчасында Айдарбек Стамов менен түз эфир ѳткѳрдү.

Айдарбек алмашуу программасынын студенти EU Erasmus Mundus Target II Project, KTH
долбоорунун алкагында Франциядагы, Бельфор шаарында, Белфор Монбельар Технология
Университетинде окуган.
● Ошондой эле ал Erasmus Mundus Joint Master Degree, EACEA Erasmus+ “Structural Analysis
of Monuments and Historical Constructions” (SAHC) программасынын алкагында
Португалияда, Минью университетинин Каталония политехникалык университетинин
магистр даражасын алган.
● Бишкектеги Дүйнөлүк банктын консультанты болгон.

Биз Айдарбек менен чет өлкөдө билим алуу, АКШдагы тажрыйбасы, Эразмус Мундус
программасы боюнча магистратурага документтерди тапшыруу жөнүндө сүйлөштүк.
Ошондой эле, Айдарбек Франция, Португалияда болгон илимий изилдѳѳлѳр, Дүйнөлүк
банктагы тажрыйбасы боюнча баяндап, студенттерге жакшы кеп-кенештерди берип кетти.

Категориясы: Мероприятие