Жаңылыктар жана окуялар

01.12.2023

Адам университети квалификациялуу кадрларды даярдоо максатында өнөктөштүк тармагын кеңейтүүнү жана өз ара пайдалуу мамилелерди ара тузүүнү улантууда.

Адам  университети квалификациялуу кадрларды даярдоо максатында өнөктөштүк тармагын кеңейтүүнү жана өз ара  пайдалуу мамилелерди ара тузүүнү улантууда.

 2023- жылдын 1- декабрында Адам университетинин имаратында “РосКапСтрой” ФАУнун өкүлдөрү, атап айтканда уюмдун директору Максимова Юлия Геннадьевна жана  директордун кеңешчиси Демченко Елена Сергеевна менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаш адистердин алган билиминин жана квалификациясынын актуалдуу маселелери талкууланып, ошондой эле тынымсыз өзгөрүп турган заманбап дүйнөнүн талаптарына жооп берген кошумча компетенцияларды алуу зарылчылыгына көңүл бурулду.

Ошондой эле, эксперттердин пикири юоюнча, эмгекти коргоо жана эмгек мигранттарын окутуунун бирдиктүү жөнөкөйлөштүрүлгөн системасын киргизүү акталдуу маселе болуп саналат, бул аларга Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык зарыл квалификацияны тастыктаган сертификат алууга жана аларга мыйзамдуу түрдө эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Жолугушуу эки тараптуу келишимге кол коюу менен аяктады жана мындан аркы  кызматташуу боюнча  пландар макулдашылды.