10.06.2026
2026-жылдын 10-июнунда Дүйнөлүк банктын кеңсесинде жумушчу жолугушуу болуп өттү
2026-жылдын 10-июнунда Дүйнөлүк банктын кеңсесинде жумушчу жолугушуу болуп өттү, анын жүрүшүндө Адам университетинин командасы «Кыргыз Республикасынын айылдык калкынын арасында жүрөк-кан тамыр ооруларын эрте диагностикалоо жана алдын алуу боюнча инновациялык билим берүүчү жана изилдөө ыкмалары» аттуу суб-долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Бул суб-долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Жолугушууда суб-долбоордун негизги багыттары, пландалган иш-чаралары жана күтүлүүчү натыйжалары сунушталып, саламаттык сактоо тармагындагы санариптик чечимдерди өнүктүрүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана айыл калкы үчүн жүрөк-кан тамыр ооруларын эрте аныктоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле демилгенин билим берүүчү жана изилдөөчү компоненттери, мындан аркы өнөктөштүк жана тармактар аралык кызматташуу келечеги талкууланды. Бул жолугушуу суб-долбоорду ишке ашыруунун практикалык кадамдарын жана анын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү маанисин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болду.