Жаңылыктар жана окуялар

11.06.2020 | Мероприятие

Улуттук банктын расмий өкүлү Карабаев Аида Мырзакуловна менен онлайн лекция

15-майда Адам университетинде Улуттук банктын расмий өкүлү Карабаева Аида Мырзакуловнадан "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу жана функциялары. Коронавирустук пандемия шартындагы чаралар" аттуу онлайн лекция уюштурулду.

Адам университетинин "Экономика" программасынын э.и.к, доценти Г.Е. Сарбагышева
экономика програмасынын студенттери , магистранттар жана окутуучулары үчүн Улуттук
банктын расмий өкүлү А.М.Карабаева менен онлайн жолугушуусун уюштурган. Улуттук
банктын өкүлү Улуттук банктын ишинин негизги багыттары жөнүндө айтып берди.

Айрыкча, коронавирус пандемия мезгилинде банк тутумунун ишине байланыштуу актуалдуу
маселелерге токтолду.
Жолугушуу келечектеги банкирлерибиз үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болду.
Аида Мырзакуловна суроолорго жооп берип, Улуттук банк жана банк тутумуна кызыгуу
көрсөткөндүгүбүз үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, өзгөчө кырдаал режиминин
аяктаганда биздин студенттерди Улуттук банктын Музейин зиярат кылып кетүүгѳ чакырып
кетти.

Категориясы: Мероприятие