Жаңылыктар жана окуялар

07.12.2023

“2023-жылдын 6-7- декабрына чейин Адам университетинин “Кыргызстандагы ЖОЖдордун каржылык автономиясын өнүктүрүү” ДЕФА долбоорунун катышуучуларынын бири катары Ош МУда өткөн семинарга катышууда.

Университетибизден өкүлдөрү  катары Өнүктүрүү жана инновациялар боюнча проректору Сүйөркулова Н.Т., “Экономика, менеджмент жана туризм” программасынын жетекчиси Абыккеева М.А.,Тышкы байланыштар бөлүмунүн башчысы Чоюбекова  А.Ч  катышышып келишти.  

Иш-чара ЖОЖдордун каржылык өз алдынчалыгын өнүктүрүү стратегиясын, долбоордун биринчи жылында жетишилген жыйынтыктарды талкуулоо жана талдоодон турду.  

Ошондой эле ЖОЖдордун финансылык автономиясынын моделин ишке ашыруунун кадамдарын жана этаптарын аныктаган жол картасынын маселелери талкууланды Бул талкуулар жана чечимдер DEFA долбоорунун алкагында Кыргызстандагы ЖОЖдордун каржылык автономиясын колдоо жана өнүктүрүү боюнча маанилүү кадамдарды билдирет